“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Сасык тумоодо гигиенанын эрежелерин сактоо зарыл

12 Декабрь 2016 жыл 14:58
Көрүүлөрдүн саны: 153

Учурда республика боюнча сасык тумоо  менен   ооруп жаткан жарандардын саны көбөйүүдө. Райондун аймагындагы абал боюнча Ак-Талаа райондук   ооруларды  алдын алуу жана санитардык  эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун   дарыгери Бекишов Эрлан менен  мына ушу мсаеле боюнча   маектештик.

Азыркы учурда кайсы жугуштуу   оору  күч алууда ?

Азыркы учурда  Ак Талаа районунда өтө курч болгон  оору- бул   сасык тумоо  өсүштү жаратып атат.  Азыр  райондо  19 бала бакча   болсо, күнүнө 160 бала келбей  сасык тумоодон улам келбей калууда..

Бала бакчага жана мектепке келбей жаткан балдар канча пайызды түзөт?

Бала бакча нын тарбиялануучуларынан  9,1пайыз, ал эми мектеп окуучулары  799 бала   аталган оору  менен  ооруп жатат.  Бул  көрсөткүч  11,7   пайызды түзөт.

Район аймагына ушул жылы  буга каршы вакцина катарында  500  даана  грипол келди.Биз айыл өкмөтүнө  жана   үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна баарына  таратып бергенбиз. Албетте бул вакцина менен районду толугу менен камсыз кыла албайбыз. Ошентсе   да   атайын тизме менен бөлүп бердик.

Бул гриполду кимдер алат?

Бат бат ооруп турган  балдар,  майыптар жана алышты.  Бирок  баары бир өсүш  күндөн күнгө күч алууда .

dsc_0357

Сасык тумоону кантип алдын алууга болот?

Бул оору бат жугарын баарыбыз билебиз.  Гигиенаны сактоо керек.  Эгерде үйдө ооруган адам болсо,үйдү  улам шамалдатып, желдетип туруу  зарыл. Ошол эле учурда  ооруган адам сөзсүз  убагында больницага кайрылыш керек. Көбүнчөсү  үйлөрүндө  жатып алышып,  качан кана күч алганда көрүнүшөт. Эгерде башталганда  эле кайрылса  алдын алуу жолу кыйла эле женилдейт.

 А булар чон кишилерде да катталып жатабы?

Ооба,  чон ишилерде да катталып жатат. Тилекке каршы сасык тумоо менен бардык жаштагы адамдар ооруйт.  Бири-бирине күнүмдүк тириликте жуга берет.

Учурда райондун аймагындагы 5 бала бакча жабылган. Азыр көзөмөлдөп жатабыз.

Сынакка даярдаган:  Илимбек кызы Зулайка

Сүрөттү тарткан: Мамбетказиев Мирбек

Редактору:   Айылчиева Адина