“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Архивдин жаңы салынып жаткан имараттын курулуш иштери токтоп турат

13 Декабрь 2016 жыл 13:19
Көрүүлөрдүн саны: 130

Ак-Талаа районунун Баетов айылында жайгашкан Ак-Талаа райондук мамлекеттик архиви 1954-жылда салынган стандартка туура келбеген имараттка иштеп келишет. Архивдин жаңы имаратын салуу үчүн тиешелүү жерлерге кайрылуу жазылып, 2015-жылда куруу иштери башталып, каражат жетишсиз болгондуктан курулуш иштери токтоп турат.
20161125_152718

Бул тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн бул архивдин башчысы Жанболотов Саматка кайрылганыбызда бул маалыматтарды берди:  “Куруу иштери былтыркы жылдын  1-июнда башталган.Бул курулуш үчүң  2 милллион 900 миң сом бөлүнгөн эле. Ушул жылдын 30-ноябрда бүтмөк, бирок каражат жетишсиз болгондуктан   жаңы имараттын курулушу токтоп калды. Тендерди “Келечек курулуш ЖЧК” ишканасы утуп алган. Тендерден утуп алган13миллион 926миң 569 сом болду. Бул ишкана 2 миллион 900 мин сомун иштеп бүтүштү.  Курулуш иштери токтоп калганына байланыштуу ушул жылдын декабрь айында кайрылдык, жообу келе элек,  күтүп жатабыз.  Азыр курулуштун  21пайызы бүтүп калды, алдыда дагы 79 пайыз куруу иштери турат.

20161125_152732

Биз иштеп жаткан мекеме 1954-жылда салынган жөн эле имарат , негизи стандарт болуш керек  эле.

20161125_150923

2011-жылда архивди салуу боюнча документациясы  тапшылрылып, 2014- жылы Каттоо кызматы проекти менен сметасына   225 миң бөлүп  берген ал эми 2015-жылы майда капиталдык курулуш беренесине кирген”.

Сынак үчүн даярдаган: Тажиева Аима

Редактор: Касымалиева Айчолпон