Ш.Бейшеналиев атындашгы орто мектебинде 5-11-класстын окуучулары Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү сахналаштырышты. Бул “Улуттук адабият күнүнүн” алкагында сынак катары өткөрулдү.

Бардык класстар жазуучунун каармандарын дал өзүндөй бере алышпаса да, абдан аракеттенишкен. Ошол кездеги кийимдер, тиричилик буюмдарды буюмдарды колдонушкан. Окуучулар көбүнчө жазуучунун “Саманчынын жолу”, “Бетме-Бет”, “Биринчи мугалим”, “Ак кеме”, “Жамийла” чыгармаларын даярдашкан.


Бул сынактын максаты: Жазуучунун өмүр жолу, анын чыгармаларындагы каармандардын тарбиялык мааниси, алар менен образ аркылуу жакындан таанытуу болуп саналат. Аткарган ролдорунан улам окуучулар жазуучунун кайсы чыгармаларын көп окушарын, кандай кабыл аларын баамдадык” дейт окуу бөлүмүнүн башчысы Ч.Сатындиева. Жыйынтыгында 8а, 7а, 6г, 5в, 6а, 8в-класстарынын сахналаштырган сценкалары мыкты деп табылды.
Даярдаган: Кубанычбекова Калида