“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак-Талаа районунун аймагында ар кыл багытта 40млн сомго жакын насыялар берилди

22 Декабрь 2016 жыл 17:45
Көрүүлөрдүн саны: 139

Узап бараткан жылда  “Айыл банк”  акционердик коомунун Ак-Талаа регионалдык бөлүмү  жалпы 700гө жакын кардарды тейледик жана 40млн сом акча каражаты насыя катары берилди. Бөлүмдүн менеджери А.Куловдун айтымында  насыя берилчү тармак көп.  Тактап айтканда  негизгиси,  айыл чарбасына, анын ичинен мал чарбачылыкка, талаачылыкка,  лизинг,керектөөчүлүк      “Кумтөр чакан”  деген да  багыт бар.  Ошондой эле өкмөттүк женилдетилген насыялардан 40 жакын жаранга 20млнго жакын  насыя берилди.  Өзүңөр билгендей элибиз талаачылык менен алектенет. Биз берип жаткан насыялардын 60-70  пайызы ушул багытка жумшалат.

20161221_164241

Жаңы Жылдык каалоо-тилектеринизди билдире кетсениз:

Эски жыл жаман жылдардан болгон жок.Жаңы Жылга саналуу күндөр калды. Келе турган жыл жемиштүү жылдардан болсо деп тилейм. Элибизде токчулук, молчулук болсун.

Сынакка даярдаган:  Кубанычбекова Эльвира

Редактору:      Тажиева Эльнура