“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Быйылкы жылда өрт кырсыгы 66 пайызга көп катталган

22 Декабрь 2016 жыл 18:18
Көрүүлөрдүн саны: 141

2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Ак-Талаа районунун аймагында 15 өрт кырсыгы катталса,ал эми 2015-жылда 10 өрт кырсыгы болгон.

dsc_0399

Ак-Талаа райондук ӨКМКБнүн башчысынын орун басары Жакшылык уулу Кылыч:  «мурунку жылга караганда 66,7% га көбүрөк болду.Жалпы  234842 сомдук материалдык  чыгым  алып келди. Катталган өрт кырсыктарынын  келип чыгышынын себеби адамдардын эрежелерди сактабагандыгынан  болуп жатат. Өрттү алдын алуу боюнча 43 мекемеде 233 адамдан турган ыктыярдуу өрткө каршы кошуундар уюштурулду. Ал эми  14   орто мектепте 165 окучуудан турган ыктыярдуу топ түзүлгөн.Өрт кырсыктары жана аларды алдын-алуу, эрежелер боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына   маалыматтар жарыяланды. берилдик.Учурда  күжүрмөн даярдык боюнча атайын өрт өчүрүүчү 2 авто унаа бар. Күйүүчү майлар менен толук  камсыздалган,күжүрмөн даярдыкта турат»-дейт.

Кирип келе жаткан 2017-жыл тоок жылы. Кыргыз элиме жакшы жылдардан болушун жана элибизде дайыма тынччылык,токчулук жана ынтымак болушун каалайм. Өрт  кырсыктары катталбасын деп тилейм. Кыргы элин кирип келе жаткан Жаңы Жылы менен жалпы коллективдин атынан куттуктайбыз.      

Сынакка даярдаган:  Жылдызбек кызы Алтынай

Редактору: Тажиева Эльнура