“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Узап бараткан жылды Ак-Талаа району кандай иштер менен жыйынтыктады?

22 Декабрь 2016 жыл 17:30
Көрүүлөрдүн саны: 151

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык  тармак боюнча  орун басары Ж.Мамбетова  өтүп бараткан жылдагы ийгиликтерге  токтолду:

dsc_0412

2016-жылы биз социалдык тармакта жакшы ийгиликтерге жетиштик, негизги жылдардан болду.  Себеп дегенде быйыл  “Маданият  жана тарых жылы”  деп президент тарабынан жарыяланып,  ошого байланыштуу биз республикалык ,облусттук жана райондук денгээлде аябай чон иш-чараларды өткөрдүк. Маданият жылына  жигердүү катыштык   жана жакшы  жыйынтыктап жатабыз.Эн негизгиси- бул жыл  тарыхый окуяларга бай болду.   Ак-Талаа району  экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына  катышып келишти. Райондон барган шамдагайлардын  боз-үй тигүү боюнча  6 баладан турган топ түзүп барганбыз. Жобосу боюнча 15 минутада боз үй тигип бүтүшү  керек болчу. Биздин Ак-Талаалык шамдагай  топ 13 мин 40сек ичинде  тигип, жакшы рекорд коюушту.  Албетте бирок мындан да жакшы көрсөткүч көрсөткөн Ысык-Ата району, Ош шаарынын шамдагайлары  да алдыга чыкты. Бирок биздин балдар жобого  чейинки көрсөткүчкө  жетиштик. Андан сырткары райондун 80 жылдыгы жогорку денгээлде өткөрүлдү. Ак-Талаанын 80 жылдыгына сыртта иштеген жана райондун социалдык экономикалык онугушуно зор салым кошкондордун баарын чыкырып,  80 жылда районубуз кандай жетишкендиктерге ээ болгонун белгиледик. Андан сырткары Тайлак баатырдын 220 жылдыгы Сон-Көл жайлоосунда республикалык денгээлде   чоң даярдык менен  белгиленди.Андан сырткары райондун аймагындагы социалдык обьектилерди жана клубдардын материалдык-техникалык базасын чыңдоодо көп долбоорлор менен иштештик. Терек айылында жаңы бала бакча ишке берилди.  Кийинки аптада Жаны-Талап айылындагы   275 орундуу мектеп ишке берилгени жатат. Быйылкы келе турган 2017-жыл дагы Президент тарабынан маданиятка байланыштуу     адеп-ахлак жана тарыхый мурастарды колдоо  жылы  болот деген божомол бар. Балким так аталышы тууралуу жакын арада маалымат берилет. Тарыхыый мурастар жана адеп-ахлак боюнча буюрса бир топ иштер жасалат деп жатабыз. Ошондой эле жакырчылыктын денгээли боюнча биздин район тилекке каршы жогорку көрсөткүчтө турат. Быйыл ал көрсөткүч3 пайызга түштү.Кийинки жылы да жакырчылыкты кыскартуу боюнча иш аракеттерди көрөбүз. Иш мерчемдин негизинде иш алып барабыз деген үмүттөбүз жана 30 үй-бүлөнү жакырчылыктан чыгарабыз деген ойдобуз.

 Жаны  Жылга карата куттуктооңузду айта кетсениз:

Жаны Жылда бул жылы бүтпөй калган иштерибизди аягына чыгарабыз. Ошондой эле курулушу бутпөй калган социалдык обьектилерди бүтүрөбүз деген ой максаттарыбыз бар. Иштелүүчү иштердин мерчемдерин тузүп жатабыз.Ал эми жеке жашоомдо буюрса биздин үй-бүлөдө толуктоо болот деп күтүп жатабыз.  Жалпы элибизди  кирип келе жаткан  Жаны Жылы менен өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн атынан куттуктайм. Элиме тынчтык каалайм. Тынчтык болсо бардык ой-тилек, максаттар орундалат.

Сынакка даярдаган:  Тынычбекова Назими

Редактору:  Тажиева Эльнура