“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Билим берүү тармагында орчундуу ийгилик болгон жок

26 Декабрь 2016 жыл 17:13
Көрүүлөрдүн саны: 150

дейт Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын  акиминин орун басары Ж.Мамбетова.

dsc_0412

Ак-Талаа районунун билим берүү тармагында узап бараткан жылда  айтарлык ийгиликтер болгон жок. Анткени  окуучулар арасында өтүүчү республикалык олимпиадада, бутүрүүчүлөр үчүн жалпы республикалык   тестирлөөдө жакшы ийгиликтерге жетише албадык. Жогоруда белгиленген эки багыт билим берүүнүн жүзү.   Ж.Мамбетованын айтымында райондук билим берүү тарабынан мектептердин иши координацияланбай, багыт берилбей калды. Мектептер өздөрүнүн иш-мерчемдери менен гана иш жүргүзүп келатышат. Мунун негизги себеби билим берүүнүн  жетекчилигинин канча убактан бери белгисиз себептер менен бекибей жаткандыгы.  Жергиликтүү бийлик катары тиешелүү тараптарга аталган маселени чечип берүү тууралуу бир нече ирет кайрылгандары менен жоопсуз калган.

Эскерте кетсек;  2016-жылдын 16-апрелинен бери Ак-Талаа райондук  билим берүү  бөлүмүнүн жетекчилик кызматын  убактылуу Б.Чиркеев аткарып келет.

Даярдаган:  Г.Мамытбекова

Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!