Жаңы Жылга карата Ак-Талаа районунда бир катар ветеринарларга сыйлыктар тапшырылды. Сыйлык тапшыруу салтанатына райондук акимдин орун басары А.Сулайманов, фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыктын башчысы Д.Күйкеев айылдардагы вет.адистер, ардагерлер катышты.


Акимдин орун басары сыйлык ээлерин куттукттоо менен бирге, ветеринардык кесиптин учурдагы зарылдыгын белгилеп, К.Тиленбаев, Т.Мамытовага Ак-Талаа райондук мамлекеттик админстрациянын Ардак Грамотасын тапшырды.
Ал эми Нарын облустук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыктын Ардак грамотасы менен Темирболот Жанболотов, Сейитбек Тентиев, Таалайбек Боталиев, Талантбек Сыдыков, Беккелди Абдрахманов сыйланышты.
Ал эми Ак-Талаа райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын грамоталарына Темирбек Сатыналиев, Чолпонкул Саткынов ээ болушту.


Ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Ардактуу инсандары» коомдук бирикмесинин мүчөлүгүнө Максүтов Адылбек жана Жусуп Чодолдоев кабыл алынып, күбөлүктөрү жана төш белгилери менен сыйланышты.
Даярдаган: Г.Мамытбекова
Маалымат редакциянын менчиги болуп саналат. Көчүрүп басууга тыюу салынат!