“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак-Талаада “Жыл мыктылары” аныкталды

30 Декабрь 2016 жыл 19:26
Көрүүлөрдүн саны: 224

Ак-Талаа районунда жыл жыйынтыгы чыгарылды.  Салт болуп калгандай  жергиликтүү бийлик өкулдөрү, айыл өкмөт башчылары, мекеме жетекчилери  жана айыл тургундары катышуусунда  жыл ичиндеги жетишкендиктер белгиленди.

_dsc0021

Райондук акими С.Черикбаев узап бара жаткан жылдагы бир катар ийгиликтерге, анын ичинде   “Көчмөндөр оюнундагы  ийгиликтер, Тайлак баатырдын республикалык денгээлде белгиленген 220 жылдык жана райондун 80 жылдык мааракелерге кенири токтолду. “Жылдын адамы”, “Жыл сыймыгы” “Мыкты  мекеме”, “Мыкты айыл өкмөт”   “Үлгүлүү мекеме жетекчи” номинациялары  ыйгарылды.

Жылдын адамы” номинациясы: “Мангэл” айыл чарба кооперативинин негиздөөчүсү  К.Асанов,  Нарын облустук жол-тейлөө ишканасынын жетекчиси   Т.Абдылдабеков

_dsc0052“Жыл сыймыгы”  номинациясы:

_dsc0056

Көк-Жар айылынын шамдагайлар тобу-Көмөндөр оюнунда боз үйдү 13мүнөт 40 секундада  тигишкен ,

_dsc0031

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин мугалими Г.Мамытбекова -Мугалимдердин республикалык  “Мугалим-коомдун күзгүсү ”  сынагында 1-орунду женип алган,

_dsc0029

Билимбек кызы Калмира— Ригман шаарында өткөн Азия оюндарында кыздар арасында 33кг салмакта 1-орунду камсыз кылган,

_dsc0027

_dsc0028

спортсмендер  Р.Тойчубеков жана Ж.Турдубековго тапшырылды.

_dsc0057

Ал эми   “Үлгүлүү айыл өкмөт башчысы” наамына  жеке аракети менен айылга бир нече инновациялык долбоорлорду тарткандыгы үчүн   Угүт айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Орозакунова татыктуу болду.

_dsc0062-1

Мыкты айыл аймагы” номинациясы жана өтмө Кызы Туу Ак-Тал айыл аймагына берилди.

_dsc0060-1

“Мыкты мекеме” номинациясы менен  №15 жол тейлөө мекемеси,

_dsc0054

Улгүлүү мекеме жетекчиси”  номинациясы менен   насыя портфели 31 млн сомго жеткен РСК банктын Ак-Талаа филиалынын жетекчиси   Жумак  уулу  Нурбек сыйланды. 

_dsc0051

_dsc0050-1

“Мыкты жетекчи” наамына райондук   “Айыл турмушу”  гезитинин редактору  О.Дөлөев жана  райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Т.Турганбеков татыктуу болду.

_dsc0043 _dsc0045 _dsc0046

Ошондой эле  райондук ички иштер бөлүмүнүн бир катар кызматкерлери Ардак грамота жана милициянын 90 жылдыгына арналган юбилейлик медалдар менен сыйланышты.  Республикалык “Эл ичи-өнөр кенчи” теледолбооруна катышып, байгелүу орундарды  жана Кипрга жолдомо алып келген Б.Токсобаева   жана Д.Карабекова райондук администрациянын сыйлыктарына ээ болушту.
_dsc0084Жыл мыктыларына арналган салтанат райондук маданият үйүнүн, балдар билим борборунун, музыкалык мектептин жана элдик таланттардын концерттик программасы менен коштолду.

_dsc0023 _dsc0001 _dsc0013 _dsc0017-1Сынакка даярдаган: Кубанычбекова Эльвира, Жылдызбекова Алтынай.

Редактору:  Тажиева Эльнура

Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!