“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ден соолугуна байланыштуу үйдө окуган балдарга Жаңы Жылдык белектер берилди

30 Декабрь 2016 жыл 20:14
Көрүүлөрдүн саны: 160

Баетов айылында Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебине тийиштүү аймакта ден соолугуна байланыштуу үйдө билим алган балдар бар. Аларга жумасына 2 жолу атайын мугалим үйүнө барып окутуп турат. Аларга кечээ  Жаны Жылдык белек жана таттуулар  берилди.

20161227_145407

Аны аталган мектептин социалдык педагогу Б.Жангазиева  уюштурган.Айтымында бул белек мугалимдердин жана окуучулардын жардамы менен даярдалган. Ошондой эле мындан сырткары  ден соолугунун мумкүнчүлүгү  чектелген   окуучуларга да акчалай каражаттар берилди. “Мындай кайрымдуулук иштер баланы мээримдүүлүккө, боорукерликке үйрөтөт. Колдон келсе  мындай иштерди  үзгүлтүксүз  жасап турсак болмок” дейт Б.Жангазиева

Сынакка даярдаган:   Кубанычбекова Эльвира, Тынычбекова Назими

Редактору:  Тажиева Эльнура