“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Кан басым оорусу менен эркек кишилер көп ооруйт

30 Декабрь 2016 жыл 17:03
Көрүүлөрдүн саны: 165

Кан басым оорусу бул – кооптуу оорулардын  катарына  кирет.Кооптуу дегенибиз эгерде  ата- энеси кан басым орусу менен ооруган, болсо баласынын дагы жүрөк кан тамырлары же болбосо кан басымдын  жогоруу болуу оорусуна кабылышы мүмкүн.  Бул боюнча Ак-Талаа райондук оорукканасынын соматика бөлүмүнүн башчысы Р.Мамашарипов мындай деди:

20161227_152430

Жыныстык жактан алып караганда  эркек кишилер аял кишилерден айырмаланып, кооптуу факторлордун  катарына кирет.Эркек кишилердин көбү  45-50 жаштан кийин бул ооруга кабылат.Ошондой эле  жашоо-турмушу,жошоо чойросуно бийик тоолуу жерде  жашагандар  ооруйт. Себеби, бийик тоолуу жерлерде жашаганда кычкылтек аз болгондуктан кандын коюланышы  жогору болот,экинчиси бийик тоолуу жерде жашаш үчүн суукка же болбосо ошол чөйрөгө туруштук берүү үчүн ошол жерде жашаган адамдар көбүрөөк тамактанууга, ошонун ичинде этти көбүрөөк колдонууга муктаж болот.Бул организмдин талабы,этти,майлуу нерсени көп жегенде  медициналык тилде айтканда холестерин   же болбосо, кан тамырдын ички чел кабыгын май басып кетет.Ошондо кан тамырдын  чоюлчактыгы жоголуп, кан басымдын жогоруу болуу коркунучу болот. Анан кан басымдын жогору болуусу бир эле нерсеге байланыштуу эмес. Айрым адамдардын толуп кетүүсүнөн да кан басым оорусу пайда болот. Ошон үчүн туура тамактануу керек. Учурда  адамдардын  социалдык абалы да бул  оорулардын күчөшүнө алып келип жатат. Мисалы  кредити бар же башка көйгөйү бар дегендей.Албетте   кан басым оорусун алдын алууга болот. Өмүрдү  сактоонун эң   жакшы дарысы-аны кыскартпоого  аракет жасоо.

Куттуктоо:  Жанырган Жылда элибизге токчулук, молчулук, эң негизгиси ден соолук каалайм!

Сынакка  даярдаган: Кубанычбекова Эльвира, Тынычбекова Назими

Редактору:  Тажиева Эльнура

Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!