“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Райондо ветеринардык инспекторлор атайын форма кийишет

30 Декабрь 2016 жыл 17:44
Көрүүлөрдүн саны: 201

Келе  жаткан жылдан  тартып райондун аймагындагы ветеринардык инспекторлор атайын форма кийишет. Инспекторлордун күнүмдүк кийүучү кийимдери башкармалыктын бюджетинин негизинде сатылып алынат. Учурда ветеринардык адистер салтанат кийимдерди өз каражаттарына  алышкан.

_dsc0129

Мындай маалыматты райондук фито санитардык коопсуздукту көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Д.Күйкеев тастыктады.

20161229_114256

Анын айтымында ветадистер үчүн форма керек. Себеби бизде ветеринарларды кадимки мал доктур деп гана билишет жана малды дарылайт деген түшүнүк калыптанып калган. Бизде  “Текшерүү  kg”  деген  программа бар. Ошол аркылуу тамак-аш коопсуздугуна байланыштуу тамактануучу жайларды, базардларды, обьектилерди текшерүүгө алабыз. Ошондой эле бала  бакчаларда балдар кандай эт жеп жатышат, справкасы бар-жогун  текшеришет.Айылдарда жеке ветеринардык адистердин иштешинен бери көзөмөлдөйт.Текшерүүгө  атайын   уруксатты   тиешелүү тараптар беришет.

Сынакка даярдаган:  Жылдызбек кызы Алтынай

Редактору:  Тажиева Эльнура

Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчурүп басууга тыюу салынат.