“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Балдарга жакшы маанай тартуулаган жагат

2 Январь 2017 жыл 16:23
Көрүүлөрдүн саны: 171

Дейт Жаны Жыл түнү үйлөргө чакыруу менен Аяз Ата болуп кызмат көрсөткөн Азамат Дөөлөтбек  уулу. Акыркы 2-3 жылдан бери жашоочулардын   билдирмеси менен барып бөбөктөрдү ырдатып, бийлетип, анан  алдын ала даярдаган  белектерди беришет.

img-20170102-wa0005

Күндүн суугуна жана майрамга карабай  жүргөн  Азамат:  “Бир күн кечке түнкү саат 11ге чейин кызмат кылабыз. Жыйырмага жакын үйгө бардык Эми бул жакшы нерсе. Анткени айрым бөбөктөр чын эле Аяз Ата дешип кармалап көрүп, жаныңдан чыкпай тан калышат. Эми албетте кичине болсо да түшүнгөн балдар да бар. Кубанышат. Босогодон өткөрбөй эле ырларын айтып, ырдап-бийлеп беришет. Мага бөбөктөрдүн кубанганын көрүү жагат. Өзүмдү чын Аяз Ата сезип кетем”  дейт.  Айтымында Аяз Ата жана Аяз кыздын бир үйгө сапары 200 сом. Өтө кымбат эмес. Карапайым адамдардын чөнтөгү кенен жетет.

 

Сынакка даярдаган:   Кубанычбекова Эльвира

Редактору:  Тажиева Эльнура

Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчурүп басууга тыюу салынат!