“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Көчөдө балдарга Жаны Жылдык белектер таратылды (фото баян)

2 Январь 2017 жыл 17:02
Көрүүлөрдүн саны: 195

Баетов айылындагы Дөрбөлжүн аянтында балдарга Жаңы Жылдык белектер берилди. Таң эрте музыка жаңырып, аянтты шанга бөлөдү.  Аянтка орнотулган балатынын жанында чогулган балдар  сукка карабай  ырдап-бийлешип, табышмактарды табышып, белек алууга аракет кылышты.

dsc_1093
dsc_1096 dsc_1127
dsc_1181Баетов айыл өкмөтүнөн алынган маалыматка караганда   белек берилчү балдардын тизмеси түзүлүп, чакыруулар берилген. Ал тизмеге айылдагы аз камсыз болгон үй-бүлөнүн жана бала бакчалардагы    балдар катталган.  Белектер Баетов айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен  100 гө жакын балага даярдалган.

dsc_1120dsc_1106

dsc_1063

Балдарды Жаңы Жылдык салтанатка алып келген ата-энелер да куттуктоолорун айтып, ырдап беришти. Иш чарага Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Турусбеков катышты.

Сынакка даярдаган:  Кубанычбекова Эльвира

Редактору:  Тажиева Эльнура

Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчурүп басууга тыюу салынат!