Ак-Талаа районунун эн алыскы Кош-Дөбө айылында акыркы ирет жааган кардын калыңдыгы 60смге жеткен. Учурда айылдын көчөлөрүндөгү карлар машинелер жүргөндүктөн тапталып калган. Ал эми тамдын үстүлөрүн күрөө опурталдуу. Ансыз да калың кардан араң турган шифер, темирлер жарактан чыгуусу мүмкүн.

Айыл өкмөт башчысы М.Эдигеевдин айтымында айылга жаңы техника келген. Бирок сүздүрө элек. Шарты катаал айылдын жашоочулары үчүн кардын жаашы жерге жакшы болгону менен мал-жанга кыйын болууда. Жакынкы тоодогу жылкылар калың түшкөн кардан туягы менен жиреп тоют жей албай калгандыктан кол карап короодо кармалууда.

Айылдын тургуну Бактыбай уулу Кубанычбек: “Азыр кар оор. Мал болсо тоодон келип кол карап калды. Айылдын четинде майда жандыктарды откорчу элек. Азыр анте албай калдык. Эми албетте бул нерсе ашыкча чыгым да. Карапайым адамдын чөнтөгүнө күч келет дегендей”. Ал эми тоолордогу кардын калыңдыгы 1 метрге жакын.
Даярдаган: Г.Мамытбекова
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчурүп басууга тыюу салынат!