Ак-Талаа райондук электр тармактар ишканасы Жаңы Жыл алдында УАЗ маркасындагы жаңы кызматтык автоунаалуу болушту.

Жетекчиси Т.Турганбековдун айтымында: унаа ишкананын жетишкендиктери үчүн берилди. Эми абоненттерди өз убагында жана ыкчам тейлөөгө жакшы шарт болду. Бул акыркы беш жылда келген унаа. Албетте мындан сырткары ишканада автоунаалар бар.
Эми кээде бир эле учурда, айрыкча аба ырайыга байланыштуу жаан-чачын болгон учурда бир нече жерде авариялык абал түзүлүп калат. Унаа бир жерге кетсе,экинчи жерге кечигип калат. Ушундай жагдайларда жакшы эле болду.
Даярдаган: Г.Мамытбекова
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчурүп басууга тыюу салынат!