“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак-Талаа районунда быйылкы жылы биринчи муз аянты ачылды

4 Январь 2017 жыл 5:58
Көрүүлөрдүн саны: 189

Кышкы каникулда кайда барып эс алууну билбей турган окуучулар үчүн жакшы шарт болду.

20170101_133106
20170101_134514 dsc_1235 dsc_1245 dsc_1262

20170101_133534

Муз аянтынын   ачылышы, иштөө эрежелери  жана башка суроолор менен жеке ишкер Абдылдаева Гүлзат эжеге кайрылдык:

dsc_1272

Аз камсыз болгон  үй-бүлөнүн балдарына бекер тептиребиз.  Эми окуу башталганда Баетовдогу эки мектептин окуучуларына бир күндөн бекер тебүүгө мүмкүндүк беребиз. Женилдиктер бар албетте. Жаш курактары чектелбейт. Бир саатка 50 сом.Эртен мененки саат 10ден кечке 23.00гө чейин иштейт. 

Ойноп жаткан балдардын коопсухздугуна ким жооп берет?

Жакшы тепкен балдар өздөрү тээп кете беришет. Балдарга конькини туура байлоо, бойду туз кармоо боюнча Бактияр мениин уулум инструктаж берип, көрсөтүп турат. Муз аянтына жетелеп барып, үйрөтөт. Ал эми женил жаракат алган учурда  колдонгонго   аптечка бар.

Мындай муз аянттары былтыр райондун аймагында көбүрөк болчу. Тактап айтканда Ак-Чий, Конорчок айылдарында жана Баетов айылында үчөө бар болчу. Бул жагдай боюнча райондук спорт инструктору  Чырмыев Мирбек бул жагдайларга мындайча токтоду:

dsc_1265

Быйыл бирөө эле ачылып калды. Бул да каражатка барып такалат экен.Азыркы конькилер  бир сезондук   3-4 айга жарап, кийинки жылы колдононго   жарабай калат экен.  Ошол себептүү  чыгымдарды актабайт деген пикирди айтышууда.  Былтыр Баетов айылында үчөө болчу.Бул деле спорттун бир түрүнө кирет. Балдар  бош убактысында муз үстүндө ойношот. Буюрса келечек үчүн жакшы нерсе деп ойлойм.

Муз аянтынын кеч ачылышына не себеп болду?

Аба ырайынын жылуу болушунан болду. Суу тоңбой жатты. Мына эми гана 23-24 градус болуп жатат.  Эми окуучулар, мекеме-ишканалар жана айыл өкмөттөр арасында мелдештерди ушул муз аянтында өткөруп турабыз. 

Учурда мектеп окуучулары кышкы каникулда. Алар каникулда муз аянтынын ачылып жатканына кубаычта экенин жашырышкан жок.

dsc_1217

Айылда балдар кышкы каникулда эс алууга шарт жок. Алардын көбү чана тээп, кар чыгарып же ата-энесине мал карап жардам берип өткөрушөт. Биз кеч болсо да муз аянтынын ачылганына кубанычтабыз. Буюрса каникул буткөнчө келип, эс алып турууга аракет кылабыз.
dsc_1240

Бир канча жылдан бери жеке ишкерлик менен алектенип, эми муз аянтын ачып жаткан каарманыбыз Жаны Жылдык куттутоосун билдирди:

dsc_1269Жаңы Жыл элибизге жакшылыктарды алып келсин. Тынччылык каалайм. Балдарга ден соолук каалайм. Кыргыз элинин чыгаан уулдары болуп өсө беришсин.

Жаны Жылдын алгачкы күндөрүндө ачылып жаткан муз аянтынын ишине ийгилик каалайбыз.

      Muz-ayanty-achyldy

 

Сынакка даярдаган:   Илимбек кызы Зулайка,

Монтаждаган Мамбетказиев Абдурахим

Редактору:   Айылчиева Адина