“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Быйыл тарых музейи жаңы экспонаттар менен толукталды

10 Январь 2017 жыл 12:49
Көрүүлөрдүн саны: 191

Ак-Талаа райондук тарых музейинде  көптөгөн экспонаттар бар. Алып айтсак   райондун аймагында жашаган жаныбарлар, өсүмдүктөр, тарыхый жерлер   жана кыргыз эли колдонгон  байыркы буюмдар тууралуу маалымат алууга болот.

20170104_145742 20170104_150750 20170104_150924 Учурда   музейде 42  боёк менен тартылган, 89 графикалык сүрөттөр,  10 скульптура, 164 прикладдык искусствонун  буюмдары, 23 археологиялык,  301 этнографиялык буюмдар, 1069 баалуу сүрөттөр жана 448 баалуу документтер сакталып турат. Өткөн жылы  жалпы 2784 экспонат бар болгон. Ал эми быйыл  дагы жаңыланып,  69 экспонат музейге коюлган. Экспонаттар  эл арасынан чогултулуп алынат. Айрымдары өздөрү алып келип беришсе, айрым учурда атайын кайрылуу менен алынып, музейге коюлат.  Жаңы экспонаттардын арасында сүрөттөр, документтер жана ар кандай буюмдар бар.

20170104_153006

Музейдин директору   Апилов Мыктыбек агайдын айтымында жыл бою  көргөзмөлөрдү, ар кандай жолугушууларды, кечелерди жана илимий конференцияларды уюштуруп,өткөрүп турат. 4 ирет көчмө музей уюштурулган.

Сынакка даярдаган:   Илимбек кызы Зулайка

редактору:  Айылчиева Адина

Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!