АРИСтин долбоору аркылуу Баетов айылына жакында жаңы техника келет. 900миң сомун өздүк салым катары чогултулат. Учурда бул сумманын 450миң сомду жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнгөн. Бул боюнча тендерди Бишкектен “Нвот” аттуу фирма утуп алган жана техниканы сатып алуу жана жерине жеткирип берүү милдетин алган. Аталган техника райондогу УОС жана ДЭУ мекемелеринде жок. Кубаттуулугу 3 кубдук.

Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Талант Турусбеков: Мындай техникага жашоочулар муктаж. Ошо муктаж үчүн алып келели деп жатабыз. Эми өздүк салымдын калган суммасын кийинки бюджеттен бөлөбүзбү же жайыт салыктарынан караштырабызбы чечебиз. Жаңы келүүчү техника кран катары да иштейт.Мындан сырткары жайыттарга жолдорду салганга жана карьерлерде топурак,шагыл, кум жуктөгөнгө ылайыктуу. Айыл эли өздөрүнүн муктаждыктарына жараша менчик техникаларга караганда арзан тейлеп, кызмат көрсөтөт дейт. Жалпы наркы 2млн640мин сомдук техника айылга 45 күндүн ичинде алып келинет.
Сынакка даярдаган: Кубанычбекова Эльвира
Редактору: Тажиева Эльнура
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!