Баетов айылындагы мекеме-ишканаларда иштеген кыз-келиндер арасында волейбол жана кол күрөш боюнча спорттук мелдеш болуп өттү. Мелдешти Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин командасы уюштуруп, демөөрчүлүк кылышты.


Жалпы 6 команда катышты жана бардыгы тең жакшы оюн көрсөтүшүп, өтмө кубокту женип алууга аракет кылышты. Уюштуруучу команданын капитаны Капарбек кызы Гүлжаз: Бул мелдештердин өтүп жатканына кубанычтабыз. Бул кыз-келиндер арасындагы шерине оюн. Мурдагы оюнда биз утуп алганбыз.Шарт боюнча кайсы команда өтмө кубокту утуп алса, ошо команда кийинки мелдешти уюштурат жана спорттун түрлөрүн өздөрүнүн каалоосу боюнча тандап алышат. Өзүбүздун ден соолугубуз үчүн пайдалуу дейт.

Волейбол боюнча мелдеште Аялдар кеңешинин жана “Тынчтык” балдар бакчасынын командасы артыкчылык көрсөтсө, кл күрөштө ооруккана кызматкерлери жакшы даярдыктарын көрсөтүштү. Жыйынтыгында волейбол боюнча өтмө кубокту аялдар кеңеши утуп алып, грамота жана акчалай белектер менен сыйланса, 2-орунду “Тынчтык” балдар бакчасынын командасы камсыз кылды.



Кол күрөш боюнча 70кг чейинки салмакта 1-орунду Капарбек кызы Гүлжаз, андан жогору салмакта Бердибекова Асель ээледи.

Ак-Талаа райондук спорт инспектору Мирбек Чырмыев: “мындай мелдештер ынтымакты, биримдикти бекемдөөгө жана ден соолукту чыңдоого жардам берет” деген ойдо. Мелдешке мектептин командасы жана администрациясы катышты.

Кийинки мелдештерди февраль айында Аялдар кеңеши өткөрөрү маалым болду.
Сынакка даярдаган: Мамбетказиев Абдурахим
Редактору: Айылчиева Адина
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жанга көчүрүп басууга тыюу салынат!