“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Окуучулар арасында райондук олимпиада өтөт

11 Январь 2017 жыл 17:52
Көрүүлөрдүн саны: 143

Ак-Талаа районунда 14-15-январда  окуучулар арасында предметтик олимпиаданын 2-туру өтөт. Анда ар бир мектептен  2ден окуучу    10 предмет боюнча катышуусу шарт. Учурда билим берүү бөлүмүндө атайын комиссия түзүлүп, жогорку денгээлде өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө.Быйылкы олимпиаданын  өзгөчөлугү-мурда бардык тапшырмаларды комиссиянын курамындагы мугалимдер   ошо болор кунү иштеп, түзүп чыгышчу. Ал эми бул жолу бардык тапшырмалар Нарын облустук билим берүү округунан  даярдалып келди. Билим берүү бөлүмүнөн алынган маалыматка таянсак;  Окуучуларды олимпиадага  даярдап  алып  келүүдөгү  коопсуздугу боюнча мектеп директорлоруна милдеттендирилген.  Жыйынтыгында алдыңкы орундарды камсыз кылган окуучулар олимпиаданын облустук туруна жолдомо алышат.

Даярдаган:  Г.Мамытбекова

Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!