“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Музыканы сүйгөн эгиз кыздар

17 Январь 2017 жыл 13:18
Көрүүлөрдүн саны: 338

Дүйнөдө 70 тен 80 миллионго чейин эгиздер жашап келет. Эгиздердин төрөлүүсү ар мамлекетте ар түрдүүчө көрсөткүчтөр менен белгиленет. Акыркы учурлардагы эгиздердин көп төрөлүп жаткандыгын адистер заманбап медицинанын өнүккөндүгү менен түшүндүрүшөт.Ал эми Кыргызстанда эгиз балалуу  үй-бүлөлөр чанда кезигет.Алардын бири  Баетов айылынын тургуну Байсеркеев Таалай.  Учурда  каарманыбыздын  7 жаштагы   Мээрим жана Сезим  аттуу  эгиз кыздары бар. Алар  Ш.Бейшеналиев мектебинде даярдоо классында  окушат.  

20170117_134007Кыздардын апасы Нураизанын айтымында  эгиз  кыздарынын келбети, мүнөздөрү,кыймыл-аракети,үндөрү  абдан  окшош. Алыска кетип,көрбөй калса, бири бирин сагынып ооруп калат. Музыка укканды,сүрөт тартканды, сыналгы көргондү, китеп окуганды жакшы көрүшөт.Бири ооруса, экинчиси да ооруп калат.     Кыздар бош убактыларында үй-тиричилигинде  апасына жардам берип, бала карашат. Адатта эгиздер тукум кууйт деп айтылат. Тактап айтканда ата-бабаларында эгиз болгон болсо, канча убакыт өтсө  деле кайсы бир  урпагы да эгиз балалуу болушу турган көрүнүш. Ал эми бул үй-бүлөдө Таалай  аганын тайлары жакта эгиздер болгон.

 

Сынакка даярдаган:  Жылдызбек кызы Алтынай

Редактору:       Тажиева Эльнура

Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!