“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаалык 100 комузчуга Президенттин Ыраазычылык каты тапшырылды

18 Январь 2017 жыл 16:06
Көрүүлөрдүн саны: 173

Бүткүл Дүйнөлук   II Көчмөндөр  Оюнунда миң комузчу  “Маш ботойду”   черткени  баарыбызга маалым.  Алардын  арасында Ак-Талаа районунан    ашык-кеми жок туура 100 комузчу да барган. Бүгүн   мына ошо иш чаранын  жигердүү катышуучуларына,  тактап айтканда комузчуларга Президент А.Атамбаевдин   Ыраазычылык катын тапшыруу салтанаты болду. Ал райондук маданият үйүндө өтүп, райаким С.Черикбаев, мекеме жетекчилери жана ата-энелер катышты.

DSC_1057

Куттуктоо сөзүндө  аким  Акталаалыктардын Көчмөндөр оюнундагы ийгиликтерине кеңири токтолду. Айрыкча Боз үйдү 13 мүнөттө тигип жетишкен шамдагай агаларды, кол өнөрчү-уздарды, балбандарды жана комузчуларды баса белгиледи.

DSC_1094

DSC_1100

Айылдардан бери келген комузчуларга аким жана коллегия мүчөлөрү Ыраазычылык каттарды тапшырды.

DSC_1139

DSC_1137

DSC_1149

DSC_1109

DSC_1116

DSC_1167

DSC_1118Ата-энелердин атынан Сүйүндүк Карасартов  балдар музыкалык мектебинин мугалимдерине жана комузчуларды даярдаган Исаева Нурай  эжеге ырахмат айтты жана комуз ата бабадан калган мурас экенин, аны урпактар унутпай улантып кетүүлөрү зарыл экендигин кошумчалады.  Ал эми   боз үй тиккен   агаларга  жана балбандар  Руслан Тойчубеков, Жекшенбек Турдубековдорго  2.500 сомдон акчалай сыйлыктар берилди.

Сынакка даярдаган:     Мамбетказиев Абдурахим

Редактору:   Айылчиева Адина

Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!