Мамбетибраимов Тариэл Ак-Талаа районунун кичинекей тургуну, болгону 11 жашта. Учурда Ш.Бейшеналиев мектебинде 5- классында окуйт.

Кандайдыр бир батарея же токко сайса иштеп кетүүчү буюмдарды жасаганды жакшы көрөт.Тариэль: мындай нерселерди жасоого кызыгып жүргөнүмө аз эле убакыт болду. Мен машина кантип жасалып, анан жүрөрүнө кызыгып жүрчүмүн. Оор экенин деле билчумүн. Телевизордон көрүп,мен да жасап көрүүнү чечтим. Биринчи кадимки эле оюнчук машинанын кузовун, дөңгөлөктөрүн чогултуп ылайыктадым. Анан биз колдонуп жүргөн DVDнин диск айланта турган моторун жана оюнчук машинанын да моторун чыгарып алдым. Аларды скотчтоп, дөңгөлөктөрдү тагып, проводго туташтырып, батарейканы кошуп көрдүм. Жүрүп кетти. Ушундан кийин ага кичине оюнчук машинанын кузовун тагып койдум. Ал эми батарейка кадимки уюлдук телефондукун пайдаландым. Жасап, кайра бузуп жатып 2 жумада бүттүм. Дайыма кыймылда жургөн нерселерди карап кызыга берем дейт.

Тариель сууда өзү жүрүүчү кайыкты жасап көрүүнү ойлонуп, ага керекүү буюмдарды чогултуп жатат. Мектепте жалан 5 деген баага окуган Тариель ,дене тарбия жана сурот сабагын жакшы көрөрүн жана мектеп иш-чараларына дайыма катышып келатканын кошумчалады. Бош убактысын текке кетирбей үй жумуштарына жардам берет, жана жомок китептерди окуйт. Келечекте ойлоп табуучу болгум келет деген Тариелдин аракетине ийгилик кааладык.
Сынакка даярдаган: Эльвира Кубанычбекова
Редактору: Аима Тажиева
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!