“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Карышкырдын дээрлик бардык органдары дарычылыкка колдонулат

20 Январь 2017 жыл 19:46
Көрүүлөрдүн саны: 311

Келдибек Исмаилов Ак-Талаа районундагы Кара-Бүргөн айылынын тургуну. 8 жылдан бери  карышкыр атып келет. Кышкысын   ачка болгондо  карышкыр айыл четине чейин келип, кол салары баарыбызга белгилүү.

_DSC0496

Аңчы атып алган карышкырлардын терисин жана дарылыкка колдонулуучу органдарын муктаж болгондорго сатат. Айтымында  карышкырдын териси 8миң сом. Карышкырдын терисинен ичик тигилет. Башын анын тиштерине карап 5сомго баалап сатат. Тиштери  жана чүкөсү бөрү жатыш деген ооруга  каршы колдонулат. Чүкөсүнүн 1 даанасы 1миң сом турат. Эгерде чүкөсүн, тырмагын жана  тишин аллергия болгон адам тумар сыяктуу тагынып жүрсө аллергия кармабайт.   Ал эми балдардын итий оорусу үчүн карышкырдын боору   жана өтү да табылгыс дары. Ошол себептүү  боору кымбат же 5миң болсо, өтү 500 сомго сатылат. Карышкырдын жалан эти  кургак учук жана бруцеллез ооруларын, майын геморойду  дарылоого колдонушат  дейт.

_DSC0111 (1) _DSC0499

Ата-бабаларыбыз карышкырдын тарамышын дагы пайдаланышкан.Анткени аны кучтүү молдолорго дубалатып, ууруларга колдонсо, уурулардын колу-буту тарамыштай тырышып калат дешчү. Бирок аңчы карышкырдын кекиртегин уйдун желини чочуганда колдонуп көргөн.Албетте карышкырды атып алуу оңой эмес. Мал-жанга кол салганда атууга туура келет. Айыл жеринде караганыбыз эле мал дейт.

Даярдаган: Г.Мамытбекова

Маалымат басылманын менчиги болп саналат жана кочурүп басууга тыюу салынат!