“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Баетов айылында биринчи жолу кенже кызматкерлерге арналган иш чара өттү

23 Январь 2017 жыл 10:46
Көрүүлөрдүн саны: 103

Баетов айылындагы Д.Ажиев атындагы клубда  биринчи жолу кенже кызматкерлерге арналган  атайын иш чара-салтанат болуп өттү. Ага Баетов айыл  аймагына караштуу бала бакча, мектеп, балдар билим борбору, тазалык  ж.б мекемелерде иштеген 130га жакын   кенже кызматкерлер, жетекчилери катышты. 20170121_114710(0) 20170121_114710 20170121_114743 20170121_114752(0) 20170121_115444 20170121_115456 20170121_121200 FB_IMG_1485014867347

Анда  алдынкы кенже кызматкерлерди райадминстрациянын, айыл өкмөтүнүн  жана кесиптик уюмдардун грамоталары   тапшырылып, сый тамак берилди.

20160127_112053

Айыл өкмөт башчысы Талант Турусбеков:  “өтүлүп жаткан иш чаранын негизги максаты- бул кенже кызматкерлерге көңул буруу, аларын эмгегин баалоо, демине дем кошуу.Өзүңөр билгендей мекемелерде бир аз эмгек акы менен иштешет. Бардык кесип ээлеринин майрамы белгиленип, кенже кызматкерлер унутта калышат. А чынында алардын эмгектери зор.Андыктан жыл сайын ушул күндү   (21-январь)  Баетовдо  кенже кызматкерлер кунү деп белилеп  турсакпы деп жатабыз. Убакыт көрсөтөт”  дейт. Иш чара ыр-күүлөр менен коштолду.

Сынакка даярдаган:  Кубанычбекова Эльвира

Редактору:  Тажиева Аима

Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!