Э.Карасартов атындагы орто мектебинин окуучулары Баетов айылындагы №40-кесиптик лицейдин жалпы жамааты, окуу бөлмөлөрү менен кесип тандоо багытында таанышышты. Мугалимдер лицейдеги окуу тайпалары, атайын орто билимдик кесиптер, алардын турмуштагы орду жана ролу жөнүндө кеңири маалымат беришти.
Лицейдин директору Эльмира Алымбаева: айылда жашап, лицейде окуп, диплом алып, бир кесиптин ээси болууга мумкүнчүлүгүңөр бар. Өзүңөр билесиңер биздин өлкө агрардык өлкө , башкача айтканда мал чарбачылык менен алектенет. Лицейден мына ушул багыттагы ветеринар өңдүү кесиптерге ээ болосуңар. Мындан сырткары ширетүүчү, электрик, тигүүчү, ашпозчулук, айдоочулук багытта да билим беребиз. Келип окугула, эшигибиз ачык дейт. Кесиптик лицейде акы төлөп окуучу да атайын курстар бар. Окуучулардын айтымында жумасына бир ирет айылдагы мекемелерге экскурция жасап, таанышып турушат.
Даярдаган: Азамат Дөөлөтбеков
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!