“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Жаңы мектептин курулушу толугу менен аяктады

25 Январь 2017 жыл 7:17
Көрүүлөрдүн саны: 107

Ак-Талаа районуна караштуу  Жаңы-Талап айылындагы билим берүүчү   жаңы орто мектептин курулушу толугу менен аяктап, пайдаланууга берилерине аз калды.

IMG-20170117-WA0017Учурда  мектепке  керектүү   жаңы эмеректер алынып келинип, орнотуу, тазалоо  иштери болуп жатат.  Мектеп 275 окуучуга ылайыкталып, бардык  шарттары менен заманбап, жаңы  үлгүдө эки кабаттуу болуп салынды.

IMG-20170117-WA0010

IMG-20170119-WA0008
IMG-20170117-WA0019 IMG-20170117-WA0020

IMG-20170117-WA0006 IMG-20170117-WA0009 IMG-20170117-WA0016

Мектептин кампусу өткөн жылдын апрелинде салынып,  9 айда аяктады.   Такталбаган маалыматтарга караганда мындай типтеги, бардык шарты бар  мектеп   азырынча  өлкөбүздүн   башка аймактарында курула элек.  Белгилей кетүүчү  жагдай жакында бул мектепке билим берүү жана илим министри  Г.Кудайбердиева келип,  таанышып кетти. Учурда мектеп белгилүү жазма акын Байымбеттин ысымын алып жүрөт.

Даярдаган:  Мээрим Кулманбетова

Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!