Табрис Оторов деген ысым учурунда Акталаалыктарга эле эмес, өлкөбүзгө белгилүү болгон эле. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин эки жолку депутаты, “Эмгек Кызыл Туу”, “Эмгектеги Каармандыгы үчүн” медалдарынын ээси Т.Оторов 1924-жылы 10-декабрда Ак-Талаа районундагы Байгөнчөк айылында туулган.Атасы Отор,энеси Айшакан экөө тең мээнеткеч, мээрман адамдар болуп, үй-бүлөдө 3 уул , 2 кызды тарбиялап өстүрүшкөн. Табрис 14 жашында колхозго кирип, суу сугарган орок оруп, темир бастырган, араба айдаган. Ал убакта турмуш татаал жана түйшүктүү болсо да, каарманыбыздын жаштык курагы Байгөнчөктө өткөн.
1933-жылы-1940-жылга чейин советтик мектепте тарбияланган.1940-жылдан 1945 –жылга чейин Карл Марк колхозунда колхозчу, 1945-1961-ж.ж. башкы чабан болуп иштеген. Ал эми 1961-жылдан 1991-жылга чейин 31 жыл бою өмүрүнүн акырына чейин кой товар ферманын башчысы болуп талыкпай эмгектенген. Үзүрлүү эмгегинен таанылган ийгиликтери, турмушу, адамдык өрнөгү эли жана өкмөт менен ошол кездеги партия тарабынан жогору бааланып орден-медалдар, ардак грамоталар менен сыйланып,бир нече ирет айылдык, райондук, облустук кеңештерге депутат болуп шайланган. Элдин суроо талабын аткарып, Фрунзе – Баетов жол каттамын жүргүзүүгө жетишкен. Райондон биринчилерден болуп 1976-жылы “Мал чарбасына эмгек сиңирген устаты” деген ардактуу наам ыйгарылган. ТАБРИС ОТОРОВ үй-бүлөөдө нускалуу бийик адам болуу менен бирге өмүрлүк жары Молдөмүрова Малике экөө 4 уул ,5 кызды тарбиялап өстүргөн. Учурда Байгөнчөк айылында мектепке жана көчөгө ысымы берилген.
Даярдаган: Жылдызбек кызы Алтынай
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!