Ак-Талаа районундагы жалпы орто билим берүүчү мектеп окуучулар арасында предметтик олимпиада аяктады. Ага жалпы 18 мектептен 400гө жакын окуучу 10 предмет боюнча өз билимдерин сынап көрүштү.
Эки күнгө созулган олимпиада айрым мектептердин окуучулары даярдыктары мыкты экенин көрсөтүшсө, жүрүшүндө бир орунга илинбей, кур жалак кеткен мектептер (И.Молдобаев жана Б.Мусуралиева атындагы) да болушту.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн адаиси Ильичбек Жакшылык уулу быйылкы өтүлүп жаткан олиипиаданын өзгөчөлүктөрүн белгиледи: Мурунку жылдары алдын ала комиссия түзүлүп, алар тапшырмаларды даярдашчу жана тапшырмаларды окуучулар аткарып бүткүчө карап отурушчу. Ал эми бул жолу тесттик тапшырмаларды облустан алып келдик жана комиссия даяр тапшырмаларды беришет. Окуучулар отурган бөлмөлөргө эч ким кирбейт дейт. Жыйынтыгында жалпы көрсөткүч боюнча 1-орунду Ш.Бейшеналиев мектеби: 7 окуучу 1-орун, 2-орун М.Баетов атындагы орто мектеби: 3 окуучу 1-орун, ал эми 3-орун М.Базаркулов атындагы орто мектеби: 2 окуучу 1-орундарды камсыз кылышты. Олимпиадада 1- орундарга ээ болгон окуучулар облустук турга жолдомо алышты. Байгелүү орундарга татыктуу болгон окуучулар Ардак Грамоталар менен сыйланышты.
Эскерте кетсек; Олимпиада 14-январда болмок. Суукка байланыштуу 28-январга жылдырылган.
Даярдаган: Г.Мамытбекова
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчурүп басууга тыюу салынат!