Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде бир канча жылдан бери “Жаш талант” адабий ийрими иштейт. Ийрим окуу жылынын башында таланттуу балдардан түзүлөт.
Жетекчиси Айгерим Сатыналиева: Ийримдин максаты- талантуу окуучулардын акындык чеберчилигин өстүрүү, туура жол көрсөтүү болуп эсептелет. Ал эми ийримге келген балдар үчүн атайын жетекчиси тарабынан иш мерчемдер түзүлөт. Ошого жараша ар кандай сабактар өтүлөт,уйкаштыктарды, ыргактарды үйрөнүшөт жана ошентип ыр куплеттерин чыгарышат. Бул ийрим айына бир жолу өтүлүп турат.Азыркы учурда бул ийримдин он эки мүчөсү бар. Кыздарга салыштырмалуу эркек балдар азырак. Айрым балдар ийримге кызыгып келип, аракет кылып, ыр жазганды үйрөнгөндөрү да болот. Ал эми кээде таланттуу балдар жаклкоолуктан же маани бербегендиктен тескерисинче жазбай калышат. Көпчүлүгү даталуу күндргө арнап жазышат. Мисалы, Ата Мекенди коргоо күнүнө же 8-Мартка карата дегендей. Жакшы деген ырларды гезитке беребиз. Айтор таланттуу балдарды колдогонго аракет кылабыз-дейт. Жетекчинин айтымында жыл сайын ийримдин катары жаш таланттар менен толукталып турат.
Сынакка даярдаган: Абдурахим Мамбетказиев
Редактору: Айылчиева Адина
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!