“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Айнек бөтөлкөдөн салынган мончо колдонууга берилди

31 Январь 2017 жыл 12:50
Көрүүлөрдүн саны: 99

Жаңы-Талап айылында  айнек бөтөлкөдөн  салынган мончо колдонула баштады. Жалпы 18мин  даана  бөтөлкө кеткен. Сыртынан караганда кадимки кыштан жасалгандан эч айырмасы жок.

IMG-20170130-WA0010 IMG-20170130-WA0012 IMG-20170131-WA0013 IMG-20170131-WA0018

Ал эми ички бети экологиялык таза делип, жыгачтан жасалган. Үч бөлмөлүү бул мончонун иштеп жатканына аз убакыт болгонуна карабастан кардарлары сын пикир айтыша элек. Баасы   анчалык кымбат эмес, айылдыктардын чөнтөгүнө туура келет. Нурабаев Мирбектин айтымында  350000миң сомго тургузулган. Албетте бул сумманын ичинде   бөтөлкө, курулуш каражаттарын (кум, цемент ж.б)  сатып алууга  жана   иштеген жумшучулардын акысы да бар.

Даярдаган: Кулманбетова Мээрим

Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!