Учурда мугалим, болгондо да жетекчи болуу түйшүгүн бардыгы эле көтөрө бербейт. Бардык укук окуучуга берилип, ошого жараша психологиясы да оорлоп, өзгөрүп, милдетин эмес укугун мыкты билип турган учурда бир канча жыл жетекчилик кызматты аркалаган Гүлмира Бектемишова өзү иштеген мектепте бир топ ийгиликтерди жаратты.
Жетекчилик кызматта иштеген жылдары окуучуларга татыктуу тарбия,терең билим берүүдө, мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоодо, жаңы мектептин курулушунда эмгеги зор.
Эмгеги бааланып, КРнын мугалимдер Конгрессинин, Аялдар Конгрессинин, Борбордук кесиптик уюмдун, райадминистрациянын Ардак грамоталары менен сыйланып, “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисине татыган. Бирге иштеген кесиптештери Гүлмира Медеровнанын мектепте мыкты, иш билги жетекчи, үйдө жароокер, мээрман эне жана камкор жубай катары баалашат. Учурда Гүлмира эже жаш мугалимдерге насаатын айтып, окуучуларга билимин берип, келечекке үндөп: окуучуларга талыкпай билим-тапбия бергиле, изденгиле, талыкпагыла. Биздин кесип жаныланууну, изденүүнү, чыгармачылыкты, анан дагы бекем нерв менен ден соолукту талап кылат” дейт.
Даярдаган: Дөөлөтбек уулу Азамат
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!