“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Райондук сынак Жаш ойлоп табуучуларды аныктады

8 Февраль 2017 жыл 13:22
Көрүүлөрдүн саны: 165

Ак-Талаа районунда балдардын  билим берүү борборунда “Жаш ойлоп табуучулар”  арасында сынык болуп өттү.Сынакка мектептерден тандалып келген  20  окуучу  катышты.Окуучуларды физика мугалимдери даярдап алып келишкен.

DSC_1290 DSC_1319 DSC_1326 DSC_1347 DSC_1367 DSC_1378 DSC_1384 DSC_1420 DSC_1426

Алар  сынакка өзүнүн колдорунан жасалган жаңы  заманбап  үлгүдөгү буюмдарды алып келишкен. Сынакта уча турчу самолетту, чачыратып сугаруучу аппаратты,кар чыгаруучу тракторду,тегирменди, сууда жүрүүчү  кемени,сууну жылытуучу кипятильникти,күндөн алуучу зарядканы   ойлоп табышкан.  Ойлоп табуучулардын сынагына  Э.Карасартов, М.Балбаков ,  С.Жусупбаев,  И.Молдобаев,  М.Базаркулов ,    К.Молдобасанов , Б.Календеров орто мектептеринен жигердүү катышышты.
DSC_1442 DSC_1445 DSC_1446 DSC_1447 DSC_1450 DSC_1455 DSC_1458 Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен  Э.Карасартов мектеби   1-орунду, Б.Календеров мектеби      2-орунду,  К.Молдобасанов мектеби  3-орунду камсыз кылышты  жана уюштуруучулар тарабынан окуучуларга кызыктыруучу белектер берилди.  Э.Карасартов атындагы орто мектебинин окуучусу Шаршенбек уулу Бусурман  16-мартта боло турчу  облустук  сынакка да жолдомо утуп алды.

Сынакка даярдаган: Жылдызбек кызы Алтынай

Редактору: Айылчиева Адинай

маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!