Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде ата-энелердин, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жалпы жыйыны болуп өттү.


Жыйындын негизги максаты-учурда өспүрүмдөрдүн өмүрүн алып жаткан интернет оюндары жана аны алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.Мектептин тарбия иштерин уюштуруучусу Г.Мамытбекова: балдарыбыздын ден соолугу, өмүрү өзүбуздүн колубузда. Азыр ата-эне менен баланын көз карашы дал келбейт. Ошо себептүү акырындап, түшүндүрүү жолу менен телефонду туура колдонууга үйрөтүү керек. Учурдагы кооптуу жагдайга ата-энеси тарабынан көңүл бурулбаган бала барат дейт. Ал эми райондук ИИБнүн башчысынын орун басары Улан Кубатов:

Оюн Россиядан келгендигин, учурда балдар көбүрөөк кызыгып жаткандыгын, оюнга кирген бала кайра чыга албасын айтып берди. Атын айтпоону суранган бир ата-эне баласы окуган класстын окуучулары ушу сыяктуу оюнга киргиле деп бирөөлөр сунуштап жатканын айтты.
Ата-энелер мектепке телефон алып келүү, келбөө маселелерин көтөрүштү. Айрымдары сабак башталарда чогултуп алууну сунуштаса, сабакка жолтоо кылып көтөрүп жүргөн учурда алып алып, окуу жылы буткүчө бербей койгула деп айткандары да болду.

Ата-энелер комитетинин төрагасы Сыймык Сарыков бардык милдетти мугалимдин мойнуна түртө салбай, ата-энелерди баласы менен жакын мамиле түзүп, кол телефондорун,жүрүм-турумун дайыма көзөмөлдөп турууга чакырды.
Сынакка даярдаган: Жылдызбек кызы Алтынай
Редактору: Айылчиева Адина
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!