Ш.Бейшеналиев атындагы мектептин спорттук залында райондогу айылдар аралык өспүрүмдөрдүн волейбол мелдеши өттү. Аны аталган мектептин окуучулары дене тарбия мугалимдери менен бирге уюштуруп, жалпы эркек балдардын 10, кыздардын 9 командасы катышты. Оюнда айрым командалар мыкты даярдыктарын, оюндун эрежелерин жакшы билгендиктерин көрсөтө алышты.



Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими Гүлжаз Капарбек кызы мелдештин максаты райондун аймагындагы окуучуларды спортко кызыктыруу, бош убактыларын пайдалуу өткөрүүгө багыттоо жана ынтымакты чыңдоо болуп саналат. Анткени көп учурда айылдан келген балдар менен пикир келишпестиктер болот. А мындай оюндарда бири-бирин жакшы таанып, колдоого алышат дейт. Айылдан келген ар бир команданы мугалимдери коштоп келгени менен РИИБнө да, райондук билим берүү бөлүмүнө өрөөн өспүрүмдөр аралык мелдештер өтүлүп жатканы тууралуу маалымат берилген эмес. Окуучулардын айтымында коопсуздугуна ар бир бала өзү жооп берет. Бир күн кечке созулган оюндун жыйынтыгы Ж.Сатылганов мектеби (1-орун) , Байымбет мектеби (2-орун) , А.Абдраимов мектебинин (3-орун) командалары мыкты оюнчулар экенин көрсөттү. Ал эми кыздар командаларынан Ш.Бейшеналиев мектеби 1-орун, Ж.Сатылганов мектеби 2-орун, А.Абдраимов мектебин 3-орундарды камсыз кылышып, уюштуруучулардын белектерине ээ болушту.
Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира