“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Калпактын жардамы менен заряддоочу жабдык ойлоп тапкан Бусурман

9 Февраль 2017 жыл 9:37
Көрүүлөрдүн саны: 130

Бусурман Шаршенбеков Баетов айылындагы Э.Карасартов атындагы орто мектебинин 9-класста окуйт. Жаш ойлоп табуучулардын райондук сынагында  күн нурунан энергия ала тургудай жабдыкты кыргыз калпакка жабыштырып, зарядоочу каражат ойлоп тапкан.

DSC_1380

DSC_1384

Муну менен Бусурман электр энергиясы жок жерде уюлдук телефонду заряддап алуу мүмкүнчүлүгүн түздү. Каарманыбыздын айтымында бул жабдык мал-жандык издеп тоо-ташта, жайлоодо  жүргөндө  керек. Анткени калпакка   жабдыкты тагып, башка кийип алып, чөнтөгүңдөгү телефонду  UZBнин жардамы менен  күн нурунан  заряддап  алсаң болот. Атасы темир уста болгондуктан дайыма жанында жүрүп, электроникага кызыгып калган.

DSC_1385

DSC_1395

DSC_1460

Жаш ойлоп табуучулардын сынагында  өзунүн эмгектери менен калыстардын жогорку баасына татыктуу болгон Бусурман  мындан сырткары  жыгачтан кыймылдаткыч күчкө ээ болгон учак, палас, килем тазалоочу робот (щетка) жана башка эмгектерди алып келген.  Бусурмандын физика мугалими Орозматова Жумабү:  Бул сынакка бир  жума даярданды.  Менден кеңеш сурап келген учурда жардам берип жаттым. Бардык сабактарды жакшы окуйт. Айрыкча физика сабагына кызыгат. Облустук сынакка дагы жакшы бир  конструкция  жасасак деп жатабыз. Сынак жакшы өттү. Бул көп окуучуларга стимул берди деп ойлойм. Келечекте физик-электроник болсом деп тилек кылат дейт.

Сынакка даярдаган:   Жылдызбек кызы Алтынай

Редактору: Айылчиева Адина

Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!