“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Кыштын суугуна карабай кыз-келиндер арасында мелдеш өттү

9 Февраль 2017 жыл 10:35
Көрүүлөрдүн саны: 215

Ак-Талаа райондук спорт инструктору  Мирбек Чырмыевдин демилгеси жана уюштуруусу менен кыз-келиндер арасында  салттуу өтүп келе жаткан  спорттук мелдештер бул жолу таза абада, спорттук аянтта өттү. Аны Баетов айылдык Аялдар кеңеши уюштурган. Мелдештин жобосу боюнча  командалар  чана тебүү, эстафета, капта секирүү сыяктуу тапшырмаларды аткарышты.

DSC_0986

DSC_0990

DSC_0988

DSC_0992Оюндун жүрүшүндө  бала бакча, балдар билим борбору, аялдар кеңеши шамдагайлыктарын көрсөтүштү. Команда мүчөсүн отургузуп алып чана сүйрөө жана кап кийип секирүү абдан кызыктуу болду. Бардык команда мүчөлөрү суукка карабай  тапшырмаларды так, тез аткарууга аракет кылып, жигердүү катышты. Мелдешти уюштурган аялдар кеңешинин мүчөсү  Султанмуратова Айнура  мелдешти кечке эле спорт залда волейбол ойноо жана кол күрөш менен чектебей, таза абада дагы өткөрүп көрөлү дедик. Бирок суук болсо да командалар жакшы келип, катышып беришти. Айына бир жолу бул мелдештерди өткөрүп туруу  чын эле ынтымакты чындайт экен дейт.  Ошентип оюндун аягында   аялдар кеңеши 3-орун, Балдар билим борборунун мугалимдери 2-орунду камсыз кылышты. Ал эми 1-орунду  жана өтмө кубокту  “Тынчтык”  балдар бакчасынын тарбиячылары женип алышып, кийинки мелдешти уюштуруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Сынакка даярдаган:  Нурбекова Аймырза

Редактору: Айылчиева Адина

Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!