“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ата-энелер менен бирге кышкы оюндардын мелдеши өттү

14 Февраль 2017 жыл 20:32
Көрүүлөрдүн саны: 212

Жаңы-Талап айылындагы Байымбет атындагы орто мектебинде   ата-энелер менен бирге спорттук мелдеш   өткөрулдү. Аталган иш чара мектептин социалдык педагогу Мээрим Кулманбетованын демилгеси менен уюштурулган.

IMG-20170210-WA0000

IMG-20170211-WA0003 IMG-20170211-WA0005 IMG-20170211-WA0006 IMG-20170211-WA0008 IMG-20170211-WA0010

Айтымында мелдеш ата-эне менен баланын мамилесин бекемдөө, ден соолукту чындоо максатында класс жетекчилер, ата-энелер менен бирдикте өткөрүлдү. “Азыр көпчулүгүбүз үй жумуштары же башка  менен жүрүп балдарга көңүл бурбай калып жатабыз. Анан бул мелдеш ата-эне-бала мамилесин жакындатат”  деп ойлойм дейт   10 баланын атасы  Кенжесартов Ыманбек.      Мелдеш   “Атам, апам жана Мен”  деп аталып,  чака чапмай, кап кийип чуркоо, аркан тартыш өңдүү улуттук оюндар арасында күч сынашышты.
IMG-20170212-WA0010

Жыйынтыгында  женишке жетишкен ата-эне жана окуучуларга  Ардак Грамоталар тапшырылды.

 

Даярдаган:   Г.Мамытбекова