“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Студенттер аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүштү

14 Февраль 2017 жыл 14:38
Көрүүлөрдүн саны: 180

“Ак-Талаа жаштары”  коомдук бирикмеси   Ак-Талаа районунун аймагындагы социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө   азык-түлүктөн жардам беришти.

2Райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси  Жакшылык Ильичбек уулунун айтымында    Баетов  айылындагы 14, Теректе 3, Байгөнчөктө 2, Кайынды-Булактагы 3 жардамга муктаж  22 үй-бүлөгө жалпы  наркы 50мин сомдук   азык-түлүк  берилди.  Коомдук бирикменин мүчөлөрү   даректүү жардамды үйлөрүнө жеткиришти.  Жардамга муктаж үй-бүлөлөр тууралуу  тиешелүү   мекемелерден алышкан.  Ал эми жардам үчүн  каражатты чет өлкөдө окуган студенттер беришкен.

 

Даярдаган:  Г.Мамытбекова