Бүгүн Баетов айылында 15-февраль Ооган коогалыңынын 28 жылдыгы салтанаттуу белгиленди.Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ардагерлер, аскер комиссариаты катышты.Салтанат согушта курман болгон жоокерлерди эскерүү менен башталды.Андан сон маркумдарга багышталып куран окулду.
![DSC_1285[1]](http://tunukradio.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/15/2017/02/DSC_12851-1024x681.jpg)
![DSC_1290[1]](http://tunukradio.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/15/2017/02/DSC_12901-1024x681.jpg)

Райаким С.Черикбаев куттуктоо сөз сүйлөп: бул дата унутулбай келечек ээлери тарабынан эскерилип эрдиктери даназалап турарын айтты.Ошондой эле Жолдошов Жаныбек жана Кадыракунов Кубанбекти администрациянын Ардак грамотасы менен сыйлады.

Райондун аскер комиссарынын орун басары Маратбаев Урмат куттуктоо сөзүн айтып,ооган согушунун катышуучусу Турсунбеков Таалайбекке,Турганбаев Аманбайга,Өмүров Абдылдага сыйлыктарын тапшырды. Аксакалдар кенешинин төрагасы Өмүрбек Дөлөев, Аялдар кенешинин төрайымы Букен Турдубекова да ардагерлерди куттуктап, белектерин тапшырышты.


Баетов айыл өкмөтүнүн атынан Маматов Сагынбекке,Үмөтов Абылгазыга Ыраазычылык катын тапшырды.Ошондой эле Ш.Бейшеналиев мектебинен окуучулардын атынан Шерикбаева Адина ооган согушун ардагерлерин куттуктады.Коомдук бирикменин медалдары менен Атаев Алманбетке,Борбиев Замирбекке тапшырды.Оогандан кайтып келгенден кийин алган жаратынан каза болгон жоокерлердин сыйлыктары жубайларына жана баардык Ооган согушунун ардагерлерине да белектер тапшырылды.
Сынакка даярдаган: жылдызбек кызы Алтынай
Редактору: Айылчиева Адина