“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Конорчокто окуучуларга телефон оюндары боюнча маалымат берилди

15 Февраль 2017 жыл 8:28
Көрүүлөрдүн саны: 127

Конорчок айылындагы Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинде  7-11-класстын жалпы окуучулары үчүн укук коргоо кызматкерлери, мугалимдердин катышуусунда жыйын  болуп, анда учурдагы  кооптуу жагдайды жаратып жаткан   интернет оюндары тууралуу маалымат берилди.

received_778111169004633 received_778112259004524

Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Улан Кубатов окуучуларды интернет оюндарына азгырылбоого, аны максаттуу пайдаланууга, бош убактыларды спорт менен машыгууга, сабак окууга, ата-энеге жардам берүү менен өткөрүүгө  чакырды.  Ошондой эле окуучулардын журүм-туруму, окуусу, тартиби тууралуу да айтып, ЖОИИ дайыма көзөмөлдөп турарын кошумчалады. Жыйындын журүшүндө окуучулардан зордук-зомбулук, пикир келишпестиктер  тууралуу анкета алынды.

Даярдаган:  Аида Аппасова