“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Келечектеги олимпиада чемпиону болууну максат кылган Бермет

20 Февраль 2017 жыл 13:25
Көрүүлөрдүн саны: 145

Бакытбекова Бермет Ш.Бейшеналиев мектебинде 8-класста окуйт. Мектепте алдынкы окуучулардын бири. Бош убактысында кино көрүп,китеп окуганды жакшы көрөт.Андан сырткары 3 жылдан бери  Тайлак спорт мектебинде күрөш  боюнча  машыгат. Спорттун бул түрү боюнча көптөгөн ийгиликтерге жетишип, райондук турнирлерден баштап республикалык турнирге чейин барып келген.

IMG-20161028-WA0009

Белгилүү спортчу Айсулуу Тыныбекова жана  анын  окуучулары менен сборлорго барып машыгып турат.Бишкекте болуп өткөн Шералы Сыдыковдун жаркын элесине арналган эл аралык турнирде 40 кг салмакта 2 орунду,Кыргыз Республикалык биринчилигинде 49кг салмакта 2 орунду,Бишкекте Раатбек Санатбаевдин жаркын элесине арналган турнирде 2 орунду, эл аралык Жаңы Жылдык турнирде 52 кг салмакта 3орунду   камсыз кылып,  көптөгөн медаль,диплом,грамоталарга татыктуу болгон.

IMG-20161028-WA0012

Күрөш менен машугуусуна   атасы менен чоң атасы   турткү болгон. “Кичинекей кезимде атам залга барып балдар менен күрөшкөнүн  айтканда кызыгуум артып эле барып, ошо бойдон  күрөштү тандап калдым. Биринчи залга келгенде коркуу,уялуу сезимдери болгон. Андан кийин алдыга максаттарды коюп, көнүп кеткем. Келечекте  мыкты олимпиада чемпиону болгум келет.Ага чейин күрөштү таштоо оюмда жок”-дейт жаш спортчу.  Берметтин айтымында  турнирлерге барууда жол кире чыгымдарын машыктыруучусу, кээде өз  каражатына барып катышып келишет. Баетов айыл өкмөтүнөн да каражат каралган учурлар болот. Алдына чоң максаттарды койгон Берметке окуусу менен бирге эле спортто да ийгилик жаратып,  Кыргызстандын желегин желбиреткен чемпион чыгарына тилек кылалы.

Сынакка даярдаган:  Жылдызбек кызы Алтынай

Редактору:  Айылчиева Адинай