Коңорчок айылындагы Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинде “Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата 9-11-класстарынын алдыңкы окуучуларынын арасында “Акыл ордо” таймашы өттү.

Мектептин социалдык педагогу Аида Аппасова таймаштын максаты тууралуу: “окуучуларды, адептүүлүккө, ыймандуулукка тарбиялоо менен бирге билимге болгон ынтызарлыгын, аракетин өнуктүрүү . Албетте билимдүү жеңет“ дейт. Таймаш 3 бөлүктөн туруп, предметтик суроолор менен бирге кыргыз элинин маданиятына байланышкан жана патриоттуулук багыттагы: “Манас” эпосу, кыргыз мамлекетинин өнүгүшүндө салым кошкон улуу инсандар ж.б боюнча суроолор берилди. Окуучулар бардык аракеттерин жумшап, жигердүү катышышты. Оюнга катышып жаткандардын жаш өзгөчөлүгү ар кандай болгондуктан бири-биринен женилип калбоого аракеттеништи. Оюндун шарты боюнча 3-турда Корчубекова Нурайым менен Карбосова Гүлүмкан билимдерин сынашты. Жыйынтыгында Карбосова Гүлүмкан жеңүүчү болуп, Ардак грамота менен сыйланды.
Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира