Кыргыз элинин рухий маданиятын, γрп-адат, каада-салтын, оозеки кѳркѳм чыгармачылыктарын пропагандалоо менен районубуздагы маданий массалык иштерди жандандыруу, жаштарыбыз адептγγ, ыймандуу, терен билимдγγ, сабырдуу, тарбиялуу жана ѳз элинин тарыхын , маданиятын билγγ, алардын бош убактыларын туура пайдалануу, кылмыштуулукту алдын алуу, ынтымакка чакыруу максатында райондук маданият γйγндѳ 21-февралда «Мырза жигит-2017» кароо сынагы ѳтѳт. Кароо сынакка эрки кγчтγγ,эч нерседен тайманбаган, таланттуу, намыскѳй , каада-салтты билген 15 жаштан 22 жашка чейинки мырзалар катыша алышат. Жана ошондой эле сынакка районубуздун айыл ѳкмѳттѳрγнγн, мекеме ишканалардын жана мектеп окуучуларынын жигиттери катыша алышат.

Ак-Талаа райондук маданият үйүнүн директору Тиленбаева Курманжандын айтымында аталган сынак райондун аймагында бир канча жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Жобосу бардык мекемелерге жана айыл өкмөттөргө, мектептерге жиберилди. Кароо-сынакта атайын калыстар курамы иштейт. Сынактын женγγчγлѳрγнѳ диплом жана баалуу сыйлыктар берилет. Кароо-сынакта мырзалар алдын ала берилген 5 тапшырманын негизинде өнөр сынашат.
Сынакка даярдаган: Нурбек кызы Аймырза
Редактору: Айылчиева Адина