“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Мектепте ата-энелер менен бирге “Сармерден” оюну өттү

20 Февраль 2017 жыл 8:58
Көрүүлөрдүн саны: 189

Баетов айылындагы Э.Карасартов атындагы орто мектебинде  6б-классынын ата-энелери менен бирдикте  “Сармерден”  оюну болуп өттү. Оюн-зоок оюнунда ыр-күүлөр жаңырып, улуттук бийлер бийленди.

IMG-20170219-WA0003 IMG-20170219-WA0005

Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы болгон  чечендик өнөр- макал-лакап,жанылмач жана табышмак айтышып, өнөр сынашты. Мектептин жаштар уюмунун төрагасы  Дөөлөтбек уулу Азамат: Быйылкы жыл  “Ыйман, адеп жана маданият”  жылы деп жарыяланды. Бул өнөр оюну ошонун алкагында өтүп жатат. Мектеп менен ата-эненин байланышын чыңдоо, бош убактыларды туура пайдаланууга үйрөтүү, элибиздин салт-санаасын, чечендик өнөрдү баалоо, маданий мурастарды сактоого тарбиялоо  максатында өткөрүлүп жатат. Буюрса бул иш-чараны уланта беребиз”  дейт.

Сынакка даярдаган:  Нурбек кызы Аймырза

Редактору:   Айылчиева Адина