Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн жаңы дайындалган башчысы Каныбек Эсеналиев жалпы билим берүүчү мектептер менен жакындан таанышып чыгууда. Коңорчок айылындагы Н.Жыргалбекова болуп, мугалимдер жамааты менен пикир алмашты.

Ошондой эле мектептин учурдагы жылуулугу, окуучулардын билим сапаты тууралуу маалымат алды. Жолугушууда билим сапатын жакшыртуу боюнча маселелер айтылды.

Ал эми мектеп директору Исамамбетова Майрам: быйылкы окуу жылындагы ийгиликтер менен катар менен компьютердик бөлмөдө компьютерлер жоктугун, мүмкун болсо ушу маселени чечип берүү жагын айтты. Жаңы жетекчи мектептин атын окуучулардын олипиадаларда, жалпы республикалык тестте берген көрсөткучтөрү аркылуу бааланарын айтып, жамаатты жоопкерчиликке, сапаттуу билим берүүгө чакырды.
Даярдаган: Аппасова Аида