“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаалык окуучулар Кытайда окууга жолдомо алышты

24 Февраль 2017 жыл 13:47
Көрүүлөрдүн саны: 140

Ак-Талаа районундагы орто мектептердин 11-класснын 10 окуучусу  Кытайга окууга жарым гранттык жолдомо утуп алышты.Бишкектеги   «Перспектива” эл аралык билим берүү борборунун директору  Нурсултан Кубанов:   «2014-жылдан бери 200дөн ашуун студентти Кытайга гранттык негизде жөнөтүүгө жетишкен.Негизи мындай  грант чоң шаарларга гана бөлүнөт ,бирок быйыл тиешелүү тараптар менен сүйлөшүп, алыскы айылдардын окуучулары үчүн Кытайда бекер билим алуу  мүмкүнчүлүгүн түзүп жатабыз.Барган студенттер 1 жыл тил үйрөнүшөт. Андан кийин  Кытайдагы биз келишим түзгөн 70 ке жакын университетке тапшырып, окуй алышат. Окууну бүткөндөн кийин жумуш менен камсыз кылабыз»-дейт20170210_112531

Аталган  окуу борбору жакында тил  үйрөтүү боюнча  курстарды ачты. Курста билим алуу Кытайдын окуу системи менен жүрөт жана кытай мугалимдери гана сабак берет. Пекин университетинин китептери менен гана окутат жана  HSK ге(кытай тилинин денгээлин аныктоочу текст) даярдоо курстары бар. Ошондой эле курстун бүтүрүүчулөрү жайкы лагерге бекер жолдомо ала алышат жана Кытайдагы 78 универстеттин биринин тил курсуна ,бакалавриат,магистратура  гранттык негизде окууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

Кубанов Нурсултандын айтымында учурда жаштар орто окуу жайларын  бүтүп ,чет өлкөгө жумуш издеп кетип жатышат. Мына ошондой жаштарга жогорку билим алуу мүмкүнчүүлүгүн  түзүү жана окуп келген соң жумуш менен камсыз кылуу  негизги максаты.   Кытайга окууга жолдомого ээ болгон 10 окуучунун  арасында     “Тун-Ук” жаматтык мультимедиа борборунун    үч ыктыярчысы —   Кубанычбекова Калида, Муратбекова Нурпери жана Айылчиева Адина  да бар.

Сынак үчүн даярдаган:  Жылдызбек кызы Алтынай

Тренер:Айылчиева Адина