“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ата Мекенди коргоо күнүнө карата “Мырза Жигит” сынагы болду (Сүрөт баян)

25 Февраль 2017 жыл 17:20
Көрүүлөрдүн саны: 650

Мурда маалымат берилгендей Акталаа райондук маданият үйүндө    Ата Мекенди коргоо күнүнө карата  “Мырза Жигит”  кароо сынагы болуп өттү. Бул сынакка райондун мектептеринен 5окуучу катышып, саламдашуу, мекен ырлары, мырзалардын заманбап  этно  саркеч кийими, салат жасоо жана   “Акыл кенчи”  тапшырмалары боюнча күч сынашып, өнөрлөрүн тартуулашты.

DSC_1459[1]

DSC_1463[1]

DSC_1475[1]

DSC_1476[1]

Сынактын катышуучулары   тапшырмаларга ар бир катышуучу  өзгөчө даярдоого аракет кылган. Ал эми Мекен   ырларында   Б.Борбиевдин жана Омардын атуулдук ырлары аткарылды. Саркеч кийимдер  тапшырмасында  Ш.Бейшналиев жана  С.Жусупбаев атындагы мектептин окуучуларынын кийими жана жактап берүүсү жогору бааланды.  Үй тапшырмасы-салат жасоодо да айрым мырзалар жасоо маданияты, тазалыгы, кийиминен айырмаланышты.

DSC_1472[1]

DSC_1506[1]

Маданият үйүнөн  жана билим берүү бөлүмүнүн өкулдөрүнөн турган комиссиянын  берген бааларынын жыйынтыгы менен  баш байгени Ш.Бейшеналиев окуучусу Кудайбергенов Алманбет, 1-орунду Э.Карасартов мектебинен   Жапарбеков Кылымбек, 3-орунду  Ш.Бейшеналиев мектебинен Таалайбеков Улан женип алышты. Жеңүүчүлөргө  райондук маданият үйүнүн сыйлыктары  тапшырылды.

Сынакка даярдаган:   Кубанычбекова  Эльвира

Редактору:  Айылчиева Адина