“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ата Мекенди коргоо күнүнө карата “Зарница” аскердик оюну өттү

25 Февраль 2017 жыл 4:40
Көрүүлөрдүн саны: 307

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде   23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата   11-класстын окуучулары арасында     “Зарница”   аскердик-прикладдык оюну өттү.

182160.e2e066c705ae9400b21f2243cda64d6a-1

182165.71b66022316d74419f74ee24ba502541-1

Аны мектептин  мугалими, подполковник  Шаршенбек  Мурзабеков уюштуруп,   райондогу  орто мектептердин  аскерге даярдык  сабагы боюнча мугалимдери, Афган жана Баткен  ардагерлери, ата-энелер, аскер комиссариатынан  өкүлдөр күбө болушту. Оюнга  мектептин  “Барс”   жана  “Беркут”  командалары катышып,    сапка тизилүү, салтанаттуу  марш, граната ыргытуу, противогаз кийүү, биринчи медициналык жардам көрсөтүү сыяктуу тапшырмаларды аткарышып, комплекстүү эстафеталык оюндарды ойношту.

20150101_094809

20170221_153610 20170221_160000

Окуучулар оюндун бардык тапшырмаларын аткарууда мыкты даярдыктарын көрсөтүштү. Абдылдабекова Мимоза   автоматты 7 секундда чачып, 19 секундда жыйнап, эркек балдардан да мыкты көрсөткүчтү  берсе, гира көтөрүүдө Керимжанов Эдил артыкчылык кылды.

20170221_142226

20150101_101021

20150101_101324

Оюндун жүрүшүндө  атайын калыстар курамы иштеп, жыйынтыгында   “Беркут”  командасы женишке жетишти.

20150101_101440 20150101_101133 20150101_101357

Соңунда  Ак-Талаа райондук өрткө каршы кызматынын  башчысынын орун басары  Кылыч Жакшылык уулу   айрым өзгөчөлөнгөн, шамдагайлыгын көрсөткөн  окуучуларга бөлүмдүн Ардак грамотасы менен бирге  акчалай сыйлыктарды тапшырды жана окуучларды майрамы менен куттуктап, Ата Мекенди коргоого чакырды.

20150101_100535

Ал эми райондук аскер комиссарынын орун басары Урматбек Баратбаев:  “Силердин бүгүнкү оюнуңарды көрүп отуруп, даярдыгынар аскердеги 6 айлык   жоокерлерден  да жогору экендигин көрдүм.   Келечек силердин колуңарда. Кандай учур болбосун Кыргызстанды коргоо ар бирибиздин атуулдук парзыбыз”-дейт.

Сынакка даярдаган:   Жылдызбекова Алтынай

Редактору: Айылчиева Адина